Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигинин уюштуруусу менен 2016-жылдын июль айынын соңунда кыргыз жерине малайзиялык окуучулардан жана мугалимдерден турган делегация келет. Делегация кыргыз мамлекетиндеги мектеп окуучулары менен бирге Ысык-Көлдө жайкы эс алуу күндөрүн өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде элчиликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Иш-чаранын максаты - Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосундагы достук мамилелерди бекемдөө жана өнүктүрүү, маданият жаатында тажрыйба алмашуу жана өлкөбүздүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жарнамалоо. Делегация Ысык-Көлдө бир апта жүрүп, малайзиялык мугалимдер жаратылыш коюнунда кыргызстандык окуучуларга англис тилинен сабактарды өтүшөт. Чет элдик делегация менен бирге көл жээгинде эс алууга республикадагы бардык райондордон, Бишкек жана Ош шаарларынан 12-15 жаштардагы бирден окуучу тандалат.