“Медиа-портал" бөлүмүндөгү кызыктуу ретро клиптердин бири – Гүлсүн Мамашеванын “Жаштык ыры” ырынын клиби. Ырчынын айтымында, бул съёмка 1965-жылы тартылып, кыргыз маданиятындагы алгачкы клиптердин бири болгон.
“Мен ал кезде 17 жашта элем. Мени Дооронбек Садырбаев Нарындан чакыртып, идеясын көрсөткөн. Анан тартуу иштери Бишкектеги сейил бактын биринде болгон. Ал кезде клип боюнча эч кандай түшүнүгүбүз жок эле. Жөн эле мени сыналгыга тартып жатат го деп ойлогом. Ошондон кийин "клип" деген түшүнүк тарап кетти. Ал убак аябай кызыктуу кез, анткени алгачкы музыкалык техникалар менен жаңы таанышып, ушунчалык кызыгуу менен иштейт элек”, - дейт Гүлсүн Мамашева.
"Жаштык ырынын" клибин бул жактан көрүңүз.