Бүгүн, 28-апрелде саат 10:00 чамасында Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Алмалуу-Булак айылында кайрадан жер көчкү жүрдү. Аталган айылдын тургуну Жолдошбек Абсабировдун SUPER.KG'ге билдиришинче, учурда айыл тургундары үйлөрүн таштап, көчүп кетишүүдө. Айылда жалпы 20 чакты үй болсо, бир үйдү көчкү толугу менен басып калган.
"Бактыга жараша, адам өмүрүнө зыян келген жок. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери абал менен таанышып жатышат. Ал эми эл үйлөрүн таштап, тууган, тааныштарынын үйлөрүнө көчүп кетип жатат", - деди ал.
Эскерте кетсек, 27-апрелде да аталган айылга жакын турган Үч-Чат жайлоосунда көлөмү 100 миң метр кубга жеткен жер көчкү түшүп, 14 жаштагы бала алдында калган. Учурда аны издөө иштери улантылууда.