Австралиялык фотографтар алгачкы жолу #BackOnTheWall долбоорунун алкагында жайында кыргыз жерине сапар алганы турушат. Бул тууралуу маалымат долбоордун расмий сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, жалпысынан 4 адамдан турган сүрөтчүлөр тобу кыргыз өлкөсүнүн кооз жерлерин, ландшафттык, жергиликтүү маданият өзгөчөлүктөрүн кадрга түшүрүшөт.
Аталган долбоордун негиздөөчүсү 25 жаштагы фотограф Давид Лугмаэр: “Сүрөттүн баркы жана анын мааниси технология доорунда барган сайын өз баалуулугун жоготууда. Татыктуу сүрөт тартуу үчүн ага дал келген кооздук болуусу зарыл. Мына ошол ойдун негизинде #BackOnTheWall долбоору пайда болуп, алардын алгачкы сапары кыргыз жерине багытталууда”, - дейт.
Жайында келчү сүрөтчүлөр тобун Мириам, Алекс, Стефан жана Давид түзөт. Алар туризм багытында 2014-жылдан бери бирдиктүү команда катары иш алып барып келишет. Буга чейин Индия, АКШ, Африка жана Европанын дээрлик бардык өлкөлөрүндө мыкты сүрөт эмгектерин жаратышкан.