Ысык-Көлдө туристтик сезон 7-майда башталат. Бул күнү туристтик сезондун ачылышына карата "Салам, Ысык-Көл-2016!" деген аталыштагы фестиваль уюштурулат. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, фестиваль алкагында Казакстан, Украина, Өзбектан жана Орусия сыяктуу мамлекеттердин өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол уюштурулат. Анда Кыргыз Республикасынын туризм жаатындагы мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылып, чогулгандар бул жааттагы кызматташуу боюнча талкуу өткөрүшөт.