SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Башкалардын кемчиликтерине жиниңер келеби?" деген тема талкууланууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Кызык адамдар бар го, тааныбаса деле көчөдөн өтүп баратып ичи чыккандарды, буту тайтактарды, бою кыскаларды көрсө сүйлөнүп алышат".
"А мен сулуу адамдарды карап суктанып өтүп кетем. Көчөдөгү адамдардын жакшы жактарын гана көргүм келет жана көргөнгө аракет кылам".
"Кемчилиги бар адамдарды, башкача айтканда, майып же кыйналган адамдарды көчөдөн көргүм келбейт. Көрбөгөнгө, карабаганга аракет кылам, себеби андайларды көрсөм жүрөгүм ооруп, ыйлагым келет".
"Адамдардын дене мүчөсүндөгү кемчиликтерге анча маани бербейм, мүнөзүндө кемчилик болсо ачуум келет".
"Кээ бир адамдар ошондой болот го. Баягыда бирөө тааныбаган бирөөнү эле "Карасаң тээтигини, жынсы кийип алыптыр, ушундай ысыкта кантип киет?" деп сындап бара жатат".
"Жиним келет, болгондо да оңдогонго боло турган элементардык эле кемчилигин оңдоого моюну жар бербегендерди көргөндө".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.