Ала-Буканын тургундары Сирияга кетүүгө аракеттенген үй-бүлөнүн айылдан көчүп кетүүсүн талап кылышкан, бирок айыл өкмөтү алардын көчүрүлбөй турганын айтты

Сирияга кетүүгө аракеттенген үй-бүлө Ала-Букадан көчүрүлбөйт. Бул тууралуу Төрөгелди Балтагулов атындагы айыл аймагынын башчысы Мамадалы Парпиев бүгүн, 29-апрелде SUPER.KG порталына билдирди.

"Сирияга кетүүгө аракет жасаган үй-бүлөнү айылдан чыгаруу боюнча айыл тургундары айыл өкмөткө жана айылдык кеңештин депутаттарына кайрылышкан. Бул боюнча тез аранын ичинде депутаттык комиссия түзүлүп, маселени карап чыгууну баштады. Бирок ал үй-бүлөнү айылдан чыгарып жиберүүгө мыйзам жол бербейт. Мыйзам чегинде чара көрүү боюнча тиешелүү органдарга кат жолдойбуз", - деп билдирди М.Парпиев.

Ала-Бука районунун Кажар айылынын тургуну Мавлюда Шараповага "3 кызы жана кичинекей небереси менен Түркия аркылуу Сирияга өтүп кетүүгө аракет жасаган" деген күнөө коюлуп, айыл эли жалпы үй-бүлө мүчөлөрүнүн айылдан чыгып кетишин талап кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aikokul14
2016-04-29 11:46:01
Ушу " туугандар" Кыргызстанды баарына жаман корсотуп буттуго.
0
ediko85
2016-04-29 13:31:50
Айылдан эмес Кыргызстан дан чыгарышкерек аларды [moderated](((
0
bekmaral
2016-04-29 13:54:48
отура бербейби эми.ал жакта эле жыргап калчудай бообой
0
Anarbek58
2016-04-29 16:26:36
Куйоосу чакырткан да.Аларды мыйзам чегинде жазага тартыш керек
0
talant87
2016-04-29 21:19:08
адам кечиримду болуш керек тообо кылса катуу тартипте козомолдо болсо жакшы болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан