23-апрель - Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата “Китеп - достук көпүрөсү” аттуу фестиваль Талас шаарында биринчи жолу уюштурулду. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, фестивалдын демилгечиси - Талас облустук А.Токтогулов атындагы китепкана жана китепкананын алдында түзүлгөн “Замандаш” коомдук уюму. Фестиваль жаштар арасында китеп окууну жайылтуу, китеп маданиятын өнүктүрүү жана китептин даражасын көтөрүү, балдарды китеп окууга кызыктыруу жана Талас облусу менен Нарын облусунун ортосунда достук көпүрөсүн түзүү максатында уюштурулду.