"Өлбөс полк" жүрүшү Түштүк дарбазадан башталат

Бишкек мэри Албек Ибраимов жарандык активисттердин жана шаардык кеңештин "Өлбөс полк" жүрүшүн Түштүк дарбазага которуу демилгесин колдоду. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин "Өлбөс полк" жүрүшү эски аянтта болору кабарланган эле.

"Өлбөс полк" жүрүшү Түштүк дарбазадан башталып, Жусуп Абдрахманов көчөсү аркылуу Фрунзе көчөсүнө чейин түшүп келип, "Жеңиш" аянтындагы Өчпөс отто жыйынтыкталат.

Жүрүшкө чыккандарды Кайгуул милициясы, "Тез жардам" жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын кызматтары коштойт.

Бишкек мэриясы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун каармандыгын даңазалоо үчүн шаардыктарды бул жүрүшкө катышууга чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ofiser26
2016-04-29 11:02:13
Улуу женишке туболук данк.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан