9-Майда Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлөт

9-Майда өлкөбүздүн бардык аймактарында салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

"Улуу Жеңиш майрамынын 71 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлөт. Согуштун катышуучуларына, оорук ардагерлерине жана шаар тургундарына майрамдык концерттик программа тартууланат. Жер-жерлерде салтанатка келе албай калган согуш ардагерлеринин үйүнө барып кабар алып, куттуктайбыз. Ал эми борбор калаабыз Бишкекте согуш ардагерлерине аскердик тамак-аштар берилип, согуш талаасындагы өткөн күндөр эскерилет", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Орусиянын расмий маалыматына таянсак, 1941-1945-жылдар аралыгында Улуу Ата Мекендик согушта 26,6 миллиондон ашуун советтик жоокерлер каза болгон. Ал эми Кыргыз Республикасынан согуш майданына 365 миң жоокер аттанган. 150 миңден ашыгы курман болгон. 72 кыргыз жоокери "Советтер Союзунун Баатыры" наамына ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан