1970-жылы 29-апрелде атактуу америкалык теннисчи Андре Агасси төрөлгөн. АКШнын Лас-Вегас шаарында төрөлгөн Агасси бала чагынан тартып теннис менен машыгып, 13 жашында Ник Боллетьеринин теннис академиясына кирген.
Ал профессионалдык тенниске аралашып, 1986-жылдан 2006-жылга чейинки аралыкта бир катар мелдештерде жеңүүчү аталган. 20 жылдык карьерасында ал Чоң шлем түркүмүнө кирген 4 мелдеште 8 ирет чемпион аталган. Тактап айтканда, Австралиянын Ачык биринчилигинде 4 жолу (1995-жылы, 2000-жылы, 2001-жылы, 2003-жылы), Франциянын Ачык биринчилигинде 1 жолу (1999-жылы), Уимблдон мелдешинде 1 жолу (1992) жана АКШнын Ачык биринчилигинде 2 жолу (1994-жылы, 1999-жылы) жеңүүчү аталган.
1995-2003-жылдар аралыгында дүйнөнүн 1-ракеткасы болуп турган.