22-23-апрель күндөрү Орусиянын Нижний Новгород шаарында “Волжская капель” фестиваль-сынагы орун алды. Ага Бишкектин Ж.Шералиев атындагы искусство мектебинин “Жаш канат” балдар хореографиялык ансамбли катышып, баш байгени багындырды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Аталган топ сынакта “Сардал кыз” жана “Тентектер” деген аталыштагы эки хореографиялык номер көрсөттү.
Сынакта жалпысынан Орусиянын бир катар шаарларынан жана кыргыз өлкөсүнөн 400дөн ашык катышуучу өнөр көргөздү.
Эми “Жаш канат” ансамбли аталган сынак-фестивалдын суперфиналына катышат. Суперфинал 2016-жылдын октябрь айында Санкт-Петербург шаарында өтөт.