SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Селкилердин сумкасына саякат" деген тема талкууланууда.
Темадагы кызыктуу билдирүүлөрдөн:
"Биз анча деле маани бербей, ичине керектүү майда-чүйдөлөрдү салып көтөрүп жүргөн сумка дагы адамдын мүнөзүнүн кандай экендигин айтып турат экен. Мисалы, испан психологдорунун аныктоосунда аял кандай сумканы тандаса жана аны кандай көтөрүп жүрсө, ага карап айымдардын психологиялык портретин түзсө болот".
"Психологдордун айтымында, аялзатынын кыял-жоругун билүү үчүн сумкасын карап койгонуңуз эле жетишерлик. Италиялык психологдор аялдардын сумкасына байланыштуу бир катар кызыктуу фактыларды табышкан. Маселен, коркунуч же толкундоо болгон учурда айымдар сумкасын бекем кысып алышат. Эгерде эркек кишиге сумкасынан бир нерсе алууга уруксат берсе, ал адамга берилип ишенгендигинен кабар берет. Ал эми сумкасынын өңүн, формасын өзгөртсө, демек, жашоосунда өзгөрүү болду деп биле бериңиз. Анда эмесе, айымдардын сумкасына "охота".
"Айымдардын сумкасынын ичиндегиси эми такыр-тукур, ушу тандаганы жакпайт мага, дүкөндө 100 сумка болсо, анын алтымышын кармап чыгат".
"Оо, аялзатынын сумкасын ачсаң, өзүнөн башканын баары бар. Тоналдык бет май, күндөн коргоочу бет май, жуунгандан кийинки бет май, түндө сүйкөлүүчү бет май... Булар мынча бет майды каягына сүйкөшөт? Бир нерсени издесе, бир тоннага жакын нерсесин төгүп, анан издеп отура беришет".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.