Бүгүн, 29-апрелде Бишкектин тегерегиндеги Көк-Жар жана Кайыңды конуштарында балдар бакчалары ишке кирди. Бул тууралуу КРнын Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Көк-Жардагы №182-балдар бакчасы 280 балага туураланган. Анын курулушуна республикалык бюджеттен 82 миллион сом бөлүнгөн.
Ал эми Кайыңдыдагы балдар бакчасы 30 балага ылайыкталып салынып, сметалык баасы 11 миллион 197 миң сомду түзгөн.