SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "1-апрель - Күлкү күнү. Кимди ким алдады?" деген тема талкууланууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Былтыр жолдошум Москвада эле. 1-апрель күнү "Эртең барам, эртең менен тосуп аласыңбы?" деди эле, ишенген жокмун. Эртеси бейтааныш номерден чакыруу келип, алсам эле "тосуп алган жоксуң го" дейт".
"Бир жолу эртең менен классташ кызым телефон чалды, "сыртка чыксаң" деп. Анан уйкусурап чыксам эч ким жок. Чалсам "үйүңдүн артына өт" деди, ал жакка барсам дагы жок. Дагы чалсам "чыктың беле, мен тамашалап койгом" деп коёт".
"Мага "айлык берилип жатат, акча аз экен, батыраак барып алып кал" дегенинен кассага шашып барсам эч кандай айлык берилбей эле туруптур".
"11-класста мектепте эжекени "күйөөңүз мектептин астында күтүп турат" деп алдаган элек. Ал качып кетиптир. Көрсө, жолдошу менен урушуп кеткен экен, коркуп качып кетиптир".
"Агам келип "Азыр сыйлуу коноктор келишет, менин кесиптештерим, даярдангыла. Алар мантыны баалап жешет" деп чыгып кетти. Биз үлгүргөнгө аракет кылып, даярданып жаттык. Бир убакта машина сигнал берди. Сыртка шашып чыктык, бирибиз сүлгү, бирибиз кумганды алып колго суу даярдап. Жеңем болсо жоолугун оңдоп жүрөт. Чыксак агам жалгыз эле шашпай басып келе жатат. Жеңем "Кана досторуң?" десе, "Кайсы достор?" дейт кайра. "Өзүң айтпадың беле" десе, "аа, бүгүн 1-апрель го" дейт".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.