Малайзиялык мугалимдер Ысык-Көлдө кыргыз окуучуларына англис тилин үйрөтүшөт. КРнын Малайзиядагы элчилиги район жана Бишкек, Ош мэриясынан бирден окуучу тандап берүүнү өтүнөт

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги малайзиялык мугалимдердин жана окуучулардын кыргыз жерине сапарын уюштурууда. Малайзиядан келген мугалимдер Ысык-Көлдө бир апта жүрүп, кыргыз мамлекетинин окуучуларына англис тилинен сабак өтүшөт. Элчиликтин билдиришинче, иш-чаранын максаты - Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын достук мамилесин чыңдоо, мектеп окуучуларынын кошумча билим алууга кызыгуусун арттыруу жана башка өлкөлөр менен мамиле курууга, алардын маданиятын үйрөнүүгө, чет тилдерди өздөштүрүүгө үндөө.

Кыргыз Республикасынын ар бир районунан жана Ош, Бишкек шаарларынан 12-15 жаштагы бирден окуучунун (2001-2004-жылы төрөлгөндөр) жайында Ысык-Көлдө малайзиялык жана кыргызстандык мугалимдерден англис тилин өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Иш-чара спорттук оюндар, экскурсия, сейилдөө жана башка кызыктар менен коштолот.

Иш-чаранын шарттары:

  • Райондук администрациялар, Ош, Бишкек шаарлары бирден окуучуну өздөрү тандашат.
  • Катышуучуларда төмөнкү документтер болушу шарт: ата-энесинин нотариустан бекитилген ишеним каты, узак жол жүрүүгө, активдүү эс алууга каршы көрсөтмөсү жок медициналык справкасы, туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү, жергиликтүү администрациядан сунуштама кат.
  • Жергиликтүү администрациялар 2016-жылдын 31-майына чейин катышуучуларды тактап бериши керек.
  • Жайкы эс алуу 2016-жылы июлда өткөрүлүп, 7 күнгө созулат.
  • Чогулуу Бишкек шаарында болот. Тандалган ар бир окуучу Бишкекке өз алдынча келет.
  • Малайзиядагы Кыргыз Республикасынын элчилиги уюштурган мурунку сынактардын жеңүүчүлөрү катыша алышпайт.

Уюштуруу тобу райондук администрациялардан жана Ош, Бишкек шаарларынын мэриясынан аталган иш-чарага бирден окуучу тандап берүүнү өтүнөт.
Байланыш телефону: (0312) 96-16-00

Эскертүү! Малайзиядагы Кыргыз Республикасынын элчилиги уюштурган мурунку сынактардын жеңүүчүлөрү катыша алышпайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
radyakiz
2016-04-29 19:01:13
Неге акимдер тандаш керек. Ой бул жагы ой ой ооойй болду го
+1
bakytffl
2016-04-29 23:52:31
Бир байдын баласы баратта ал жакка
+1
abdymuhtar
2016-04-30 01:16:07
Коррупция эми старт алат коросунор го
+2
Kroxa
2016-04-30 11:46:01
Ыссык-колдон Кимдер катыша алат же булжагын дагы акимдер тандайбы?
+1
Nur.88
2016-04-30 12:04:16
Бул жагы кызык ко акимге тандатпай бир сынак уюштура койбопсунар да акимдер эми оздоруно караштууну сунушташат да, карапайым жакшы окуган окуучулар кала берет.
0
nurzhaz
2016-04-30 16:45:00
admin_аким кандай тандайт.же сынак барбы?кантип байланышууга болот?
-1
Maralkapirmatova0104
2016-04-30 21:18:54
Райононун бул маалымат тууралуу иши да жок)))))))
-1
kentt
2016-05-10 09:56:01
Jakshy okugandardy synak arkyluu tandash kerek ele ex dagy ele tuura emes
0
erikkarakulja
2016-05-11 03:15:38
Англис тилин уйроткон мугалимдер кыргызстанда жок бекен.
+1
Belle
2016-05-11 12:59:37
erikkarakulja, бары бар. Эки өлкөнүн өкүлдөрү бири-бири менен тажрыйба алмашса болбойбу?

Э кызык, эми ушуну да жактырбаган адамдар бар! Тобоо!
+1
tilek88.88kg
2016-05-14 07:56:56
Алар келбей эле Бизден алжака барбайле койсунчу кереги жок англис тилин уйроткон мугалим Бизде толтура алар жон эле эсалганыле келишетда эчнерсе уйротушпойт .
0
malika79
2016-05-18 14:02:36
мунун керекги жок болчу туура эмес
0
Bema74
2016-05-20 16:28:13
Ушунчалык уюштурганга жараша коррупцияга белчесинен баткан мамлекеттик администрациялар дебей эле, сынак аркылуу тандалбаптыр да, аттин арман, чондордун, байлардын балдары барат, бирок алар окуганды даже каалашпайпт да. Сынак аркылуу болгондо окугусу келген, бей-бечаралардын балдарына мумкунчулук болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан