SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кайын сиңдинин кылыктары" деген тема талкууланууда.
Темадагы билдирүүлөр мындай:
"Кайын сиңдим жаңы келгенимде мага аябай эле асыла берчү. Тилимди тишиме катып, кылыктарын көтөрүп канча чыдадым".
"Кайын сиңдимдин кылыктарына атасы да, энеси да жалгыз кыз деп көз жумуп коёт. Менин жолдошум да жалгыз уул, аны менен эч кимдин иши да жок, бир гана кызынын сөзү мыйзам".
"Ой, жеңелер, "көрсөтсөң көрөсүң" дегендей, силер да жаш кезиңерде жеңеңерге кандай мамиле кылсаңар, кайын сиңдиңер силерге күзгү болуп берет".
"Кеп жеңелерде да бар. Турмушка чыккан кайын сиңдисин, кайын эжесин сыйлап, келгенде ысык чайын берип узатып койсун. Кайын сиңдинин териккени агасы же апа-атасына жасаган мамиледен чыгат. Мисалы, менин бир жеңем кайын сиңдиси келсе төшөк салып бергенге жарабайт. Эл менен чогуу тамагын берет да, кирип жатып алат".
"Ар кимде бар ар кыял, ал кыялды ким тыяр..." дейт. Ар бир адамда терс сапат болот. Менин да кичүү кайын сиңдим кээде кыр көргөзүп калат, кайненем менен жолдошум жакшы адамдар болгон үчүн анча этибарга албайм".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.