SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Үйлөнүү тоюңуздун кайда өтүшүн каалайсыз?" деген тема талкууланууда.
"Мм... Мен үлпөт той көк асман жана жашыл чөптүн үстүндө болуусун каалайт элем".
"Көгүлтүр Ысык-Көлдө, яхтада өтүүсүн кааламакмын".
"Тоюңда жетелешип алып жайлоодо көк шиберди араласаң сонун да".
"Голландияда, жоогазындар жайлоосунда".
"Жайлоодо боз үй тигип, шөкүлөнү койкойтуп кийип алып, ушундай бир сонун той өткөрсөң..."
"Эч кимге айтпай эле ЗАГСка туруп, атайын жасалгаланган парашютка отуруп асманда саякаттап, анан сүйүүнүн шаары эсептелген Парижди көздөй учуп кетсек".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.