Бишкек шаарынын негизделгенине бүгүн 138 жыл болду. Борбор калаанын 138 жылдыгы салтанаттуу иш-чара менен коштолууда.
Учурда Курманжан датканын эстелигинин алдында чакан концерттик программадагы иш-чара өтүп жатат. Анда жаштар флешмоб уюштурушту. Иш-чарага шаар тургундары күбө болушууда. Майрамдык салтанат үчүн боз үй тигилип, жасалгаланган. Биринчи Май районунун акими Аскербек Алиев иш-чараны ачып, шаардыктарды жана шаардын конокторун куттуктады.