Бүгүн, 29-апрелде Ош шаарынын мэриясынын кезектеги коллегиялык жыйыны өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Ош шаарындагы бардык мекеме-ишканаларынын жетекчилери, КРнын Өкмөтүнө караштуу ишканалардын шаардагы бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.
Мэриядан кабарлашкандай, жыйында үч маселе каралды. Алгач Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2016-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыктары жана экинчи кварталындагы милдеттери туурасында сөз болду. Андан соң Эсептөө палатасынын 2014-жылдын жана 2015-жылдын жарым жылдыгынын бюджеттик түзүлүшү жана акча каражаттарды пайдалануу боюнча маалымат берилди. Ошондой эле калктын социалдык коргоону өнүктүрүүнүн программасын ишке ашыруу боюнча аткарылып жаткан иштер айтылды.
Күн тартибинде каралган биринчи жана экинчи маселелер туурасында вице-мэр Замирбек Аскаров баяндады.
“Биринчи кварталдагы социалдык-экономикалык өнүгүү көрсөткүчүндө өсүш бар. Өткөн жылга салыштырмалуу 106 пайызды түздү. Ал эми салык маселесинде болсо 3 миллион сомго жакын акча каражаты жергиликтүү бюджетке түшпөй калды, анткени сатуудан түшкөн салыкты өз ставкасы менен берүү токтому чыккан. Учурда бюджетти толуктоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Жарым жылдыктын жыйынтыгында салык жаатында да көрсөткүчтү жогорулатабыз”, - деди З.Аскаров.
Ошондой эле КРнын Эсептөө палатасы Ош шаарындагы 39 мекеме-уюм жана 8 өзүн өзү каржылоо муниципалдык ишканаларында текшерүү жүргүзгөн. Бүгүнкү коллегиялык жыйында бул маселе каралып, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев каржы маселесиндеги сарамжалдуу пайдаланбаган айрым
мекеме-ишканаларга каражаттарды калыбына келтирүү боюнча тапшырмаларды берди.
Баяндамачылар бүткөн соң коллегиянын токтому бекитилди.