Бүгүн, 29-апрелде Бишкекте фотограф, Борбор Азиядагы Америка университетинин студенти Талгат Субаналиев Антарктидада тарткан сүрөттөрүнүн көргөзмөсүн өткөрдү. Иш-чарада Талгаттын 28 эмгеги көргөзүлүп, ар биринде Антарктиданын жаратылышынын кооздугу, табигый тазалыгы чагылдырылган.
"Бардык сүрөттөрүмдү көргөзмөгө чыгара албай койдум, анткени каражат жетпей, 28 гана сүрөттү элге тартууладым. Эмгектеримде күндүн батканы, чыкканы жана жаныбарлар көрсөтүлгөн. Антарктидада моржду (түндүктө жашоочу муруттуу, азуулуу сүт эмүүчү деңиз жаныбары) сүрөткө тартуу аябай кыйын болду. Мага анын кыймылдаганы керек болчу. Көп кишиге толгон кемеде кысылып, араӊ тартып жетиштим. Ал эми пингвиндер сүрөткө түшкөндү жакшы көрүшөт экен, бирок алардын жанына жолой алган жокпуз. Негизи эле жаратылыштын кооздугун сөз менен жеткире албайм. Аны фотосүрөт менен чагылдырууга аракет жасадым", - дейт Талгат Субаналиев.
Эскерте кетсек, Талгат "Photography trip to Antarctica: exploring the beauty of Antarctica's landscape" Эл аралык сынагынан башкы байгени утуп алып, ушул жылдын башында Антарктидага барып келген.