СУПЕРСТАН: "Атамды жакшы көрөм, аны сагындым!"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Атамды жакшы көрөм, аны сагындым!" деген тема талкууланууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Мен атам жөнүндө жакшы сөз айтайын дейм, бирок деги эле мага бир жакшы сөз айтканын эстей албайм. Ичинен жакшы көрөт чыгар, бирок эч билдирбейт. Жаман адам дебейм, жакшы эле адам, бирок деги бир ата мээримин көргөн эмесмин. Аман-эсен эле жүрсө болду".

"Атам мени балдарынын ичинен айрыкча жакшы көрөт. Кайда барбасын биринчи мага белегин сууруп чыкчу сумкасынан. Төрөлгөнүмдө ушунчалык толкунданган чыгар, тапичке көтөрүп барган экен. Мен аны кадам шилтеген соң гана кийиптирмин. Эмнегедир атам бут кийимге басым жасай берет, мен чоңойгуча эле түркүн түстүү бут кийимдер менен жашадым".

"Ата... Бул сөз ар инсанга канчалык улуу угулат билбейм, мага эч кандай мааниге ээ эмес. 12 жылдан бери ата деген кишини жаман көрөм. Өмүрү кечирбейм".

"Мен да атакемдин мээримин сагындым. Биз кичинекей кезде атам жумуштан келгенде "аппак кызым, ширин кызым" деп эркелетчү. Азыр эми чоңойдук, эркелетпей да калган, сестенип турам. Атам, апам ар дайым маңдайыбызга бар болсун!"

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
luna28
2016-05-01 13:32:26
Билбейм эмнеге бирок атамы эстегенде козумо жаш келе берет.Атамы сагындым( эрте менен сабака баратканда чачымы тарап бантик тагып берчу,сабактарыма жардамдашат эле. Аны 6жылдан бери коро элекмин. Жашоо шартка байланыштуу ботон элде,ботон жерде иштеп журот. Ар бир жазышып,суйлошкон сайын ыйлаймын. Биздин мандайыбызга аман-эсен кайтып келсин...
+7
Anarbek58
2016-05-01 14:35:53
Abusait,Medina87,Luna28 ардайым ушунунардан кайтпагыла кагылайындар.Ата ардайым тоодой жолок болот.Ата-энени сыйллап,кадырлаган экм дуйнодо кем болбойт.Силерге тарбия Берген АТАнарга рахмат.Алла ушунурдан кайтарбасын.Алла ыраазы болсун силерден.
+6
roma84
2016-05-01 15:09:06
"АТА"деген созду айтканга зармын. Мен бир жашымда авариядан каза болуп калган экен , элден атан жакшы адам болчу деген созду уксам да суйунуп ыйлап алам. Бешенеме кайынатамда каза болуп калган экен. Мен учун арман болуп калды АТА деген созду айтуу....
+7
aszyma
2016-05-01 16:29:21
Балким жазганым жакпагандыр. Бирок Ата тоо болсо Эне боорунда агып турган булак дейтко. А бизде тескеринче Эне тоо. Ал эмиАта болсо. Булак. Эненинда, атанын да милдет жугун АПАМ аткарат. Апам омуру узун болсун. Ушундай адамдар да бар жашоодо.......
+3
Shat.88
2016-05-01 20:22:43
aszyma,чындыкты жаздыныз тушундум, мен дагы ата ммээримин коргон жокмун апам жалгыз чонойтуп адам кылды бир сурап балдарым кандай болуп калды дегенге жарабады анан кайдагы атага мээрим пайда болот муну атасыз оскон гана адам тушунот атасы барлар барын баалап жашагыла, бардык наристелер атанында апанын да мээримине болонуп чоноюсун каалайм.
+2
merim
2016-05-01 20:52:52
МЕН да атам эсен эле болсун,бир кирпич кармап 1ком уй сала албадык.БИзди жаралганыбызга себепчи эле болбосо.АПАм озу кийбеггенди кийгизип чонойтту.ДАгы 20жыл жашап апама корбогон кунду коргозуп,апама бычак сайып чала олук кылып койдуго.ЭЧ ойлобоппуз атамдын ушул ишке бараарын.ЭМне СЕбеп болду бул ишке барганынызга десек ушакка ишенген мен акмакмын дейт,ошол туугандар атамы ушул ишке барышына себепчи аяш ата сорой 6 айда каза тапты,АЛЛАХ ТУУгандар баарын коруп турат!АТАМ АДАШЫП 8ЖЫЛ ОТУРУП ЧЫКТЫ.
0
merim
2016-05-01 20:56:00
АКЫры апамда оорукчан болууп калды.
0
abusait
2016-05-01 22:36:29
merim,откон турмушун келечек жашооно эн кымбат сабак. ата эне жетпеген жашоого балдары жетсе ата эненин башы асманга жетип суйунот.
+1
merim
2016-05-01 22:49:07
Биз жаЛан кыздар болгон учун, атамы кечире албай журобуз. ЖУРОК оОруу болду. Мындай адашуулар душманга да каалабайм(((( Жараштырганга жол жок, билбейим эми кандай болоорун.Ыйман берсин атама деп дуба калгандар башка айла жок.
0
Mavlyuda
2016-05-01 23:41:49
АТА деген созду айткым келет менин да.АТАМды аййййябай сагындым. Дуйнодогу жалгыз жакшы ата болчу. Эч нерседен кем кылбай бизди чонойтту. Апам экоо ото ынтымактуу эле экоонун урушканын эч качан корбодук, бизге жакшы тарбия берди. Арманыбыз атам кутуусуздон каза болуп калып, биз ботодой боздоп кала бердик. Атамсыз жашоону элестете алчу эмесмин, кун ото берет экен, 11жыл отуп кетти. Жараткандан бейиште АТАМ менен жолугууну сурап жашап келемин. Эми Апажанымдын омуру узун болсун жараткан Аллахым.
+4
mirbek2211
2016-05-02 01:07:47
Ар кимге атанын кадыры ар кандай болот экен. Жаш кезимде анча баалай берчү эмес экенмин ,көрсө атам жакшы адам экен. Бар болунуз атакем.
+2
samidinova84
2016-05-02 01:17:28
Менин атам айкол киши,мактайын десем соз жетбейт.Алыста журом, сагындым.
+2
buiga
2016-05-02 02:21:33
"АТА" бул эн кымбат адам жашоодо.Козу барында сыйлай жургуло.Мен ана барам, мына барам деп журуп атаман ажырап калдым. Уч жылдан бери коро элек элем.Барып олугун кучактап калдым.Мен дагы атамы сагындым.
+1
Gensek
2016-05-02 02:42:11
Менин да атага болгон меерим жок мурда сагынып ыйлачу елем азыр сагынбайм естебеймда. Ушунчалык кыйын кунго калтырып, Уйдон кууп аял алып алган. Чон енем баландын контрагына деп акча берсе мага келип не жейсин жур магазинге деген жок десем унчукпай кетип калган. Чалып деле койчу емес еле. Апама рахмат айтам апам баарын кылды. Ошондой болсо да атамды аман есен болушун каалайм.
+1
Bemus16
2016-05-02 04:08:07
Атакем менин,сагындым сизди.....
+1
Seyitira8186
2016-05-02 07:44:38
АТА бул созду уксам.кабагы ачылбаган.сурдуу.бир соз.эркелетуу эмне экенин билбеген адамды элемтетем.эмнегедир АПАбыз деле атама окшоп калгандай.бирок бизди ак жууп.ак тарап.элдин алды кылып кийинтип.жебегенди жегизип чонойтушту.как бутто алардын милдети катары эле бизди ошентип чонойтушту го деп ойлойм.АТА ЭНЕ ар дайым баласын эркелетип.мееримин тогуп чонойтуш керек деп ойлойм.
+1
Aidai5555
2016-05-02 15:06:40
Мен атамды көргөн эмесмин, сүрөттөрүнөн гана көргөм.Сулуу,билимдүү,комузчу,Манас окуяларын да айтчу экен.Эл айтат... Бирок бир да нерсеси менин эсимде жок,мен 6 жашка чыкканда атам каза болгон,ошондо ал 47 жашта экен.
Манасчылыкты жакшы карманбай койгон окшойт, аскерде чогуу кызмат кылгандар (ар кайсы улуттар да) айтышчу экен, көбүнчө уктап жатканда айтып, эртеси билбей калчу деп.Түз жүрүшү керек болчу да, а менин атам анткен эмес, кээде ойлоп коём, ошондон да жаза алдыбы деп...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан