Кыргыз мамлекетинде 30-апрелден 6-майга чейин туруктуу эмес аба ырайы сакталып турат, мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Маалыматты 30-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлады.
Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. "1-2-май күндөрү айрым жерлерде өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 2-май күнү эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жамгыр, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жамгыр жаайт. 3-4-май күндөрү мезгил-мезгили менен жаан жаап, абанын температурасы төмөндөйт", - деп айтылат маалыматта.