Өлкөдөгү жарандар Май майрамдарына карата 5 күн катары менен эс алышат. 1-майдан 5-майга чейин дем алыш жарыяланып, 3-4-майдагы иш күндөрү ишемби күндөргө: 30-апрелге жана 7-майга которулду.
Беш күндүк графикте иштеген мекемелер 3-майда берилүүчү дем алыштын эсебинен бүгүн, 30-апрелде иштеп жатышат. 4-майда эс алышканы үчүн кийинки аптада 7-май, ишембиде да иштемекчи. Ал эми аптасына 6 күн иштеген мекемелер үчүн 3-4-май жумуш күнү болуп саналат.
Мындан тышкары жарандар 8-9-майда эс алышат.