Сузактын Алмалуу-Булак айылында дагы жер көчкү жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, көчкү 30-апрелде таңга маал жүргөн. Кыйроолор жана адам өмүрүнө зыян келтирилген фактылар жок. Жер көчкүнүн көлөмүн аныктоо иши жүрүп жатканы айтылды. Аталган айылда 11-апрелден бери 5 жолу көчкү жүрүп, 1 адамдын өмүрү кыйылды.
Айылдын кооптуу жерлеринде жашаган үй-бүлөлөрдү башка аймактарга көчүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу 29-апрелде Жалал-Абад облусунун башчысынын атайын буйругу чыккан. Бүгүнкү күнгө карата кооптуу аймактарда жашаган 35 үй-бүлө көчүрүлдү, дагы 38 үй-бүлө көчүрүлүшү зарыл. Жарандык коргонуунун комиссиясы айылдагы мамыларды, 2 көмөк чордонду, 885 метр электр чубалгыларын чогултуп жыйнаганы маалымдалды.