Алдыдагы майрам күндөрү коомдук коопсуздукту 7,5 миң милиция кызматкери көзөмөлдөйт

Май айындагы майрам күндөрү жарандардын коопсуздугун 7,5 миң милиция кызматкери көзөмөлдөйт. ИИМдин билдиришинче, мындан тышкары 5,5 миңдей элдик кошуундун өкүлдөрү иштегени жатат. Бишкектин борбордук "Ала-Тоо" аянтында, "Аккула" ат майданында жана Д.Өмүрзаков атындагы стадиондогу иш-чаралардын коопсуздугун кароого 2 миңдей кызматкер бөлүнөрү күтүлүүдө.

1-Май, 5-Май, 9-Май күндөрү республикада массалык иш-чаралар өткөрүлүп, тартип сакчыларынын жоопкерчилиги жогорулайт. Азыркы учурда милициянын аймактык башкармалыктарында окуя болгон жерге ыкчам жетип баруучу топтор түзүлгөнү маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tashi62
2016-04-30 14:10:20
Жинге тийсе аңтара коюшат окшойт а.
0
edik-kg
2016-05-01 00:16:45
милициянын саны армиябыздан копко я
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан