Мындан 49 жыл мурун, 1967-жылы советтик жана орусиялык ырчы, актёр, композитор, продюсер, Орусиянын Эмгек сиңирген жана Эл артисти, Украинанын, Чеченстандын, Ингушетиянын Эл артисти Филипп Киркоров Болгариянын Варна шаарында теги армян болгон болгар ырчысы Бедрос Киркоровдун үй-бүлөсүндө туулган. Музыкалык окуу жайды 21 жашында артыкчылык менен бүтүргөн, бирок чыгармачылык жолун андан 3 жыл мурун эле баштаган. 1985-жылы болгар тилиндеги “Алёша” деген ыры менен биринчи жолу көгүлтүр экранга чыккан. Ошондон кийин чыгармачылык чыйыры башталып, 1987-жылы акын Илья Резник менен таанышат да, Илья Резник жаш ырчыга чоң жардам көрсөткөн биринчи адам болуп калган.