Бишкек шаарынын жашоочулары 1-Май майрамын белгилешүүдө (фото)

Бүгүн, 1-майда Бишкек шаарында Эмгекчилердин эл аралык күнү белгиленүүдө. Шаардыктардын маанайы жакшы. Сейил бактарда балдарын, неберелерин жетелеген ата-эне, чоң ата-чоң энелер, жаштар басымдуу. Оюн-зоок аттракциондоруна кезек күткөндөр көп.

Совет мезгилинде 1-Май Эмгекчилердин майрамы деп эсептелинип, анын тарыхы 1886-жылдын 1-майындагы америкалык жумушчулардын эмгек талабына байланыштырылып келсе, Кыргыз Республикасы эгемендик алгандан бери 1-Май майрамына жазгы түс берилип, идеологиялык басымдан арылуу аракети жасалганы байкалат. Бүгүнкү күндө 1-Май дүйнөнүн 66 өлкөсүндө белгиленет.
1-Май майрамы кыргыз өлкөсүндө биринчи жолу 1919-жылы Пишпек шаарында белгиленген. Большевиктер уюштурган салтанатка шаардын калкы чогулуп, митинг өткөрүлүп, майрамдык маанай жаратуу жана 1-майды белгилөө жөрөлгөсү жасалып, майрамдык салт түптөлгөн. Майрамга чогулган большевиктер, кызыл аскерлер жана шаар калкы революциялык ыр менен Пишпек шаарынын борбордук көчөлөрү аркылуу Эмен сейил багына келип, андагы Боордоштордун көрүстөнүнө гүл коюшкан.

Бишкектиктер 1-Май майрамын белгилешүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Medina87
2016-05-01 15:16:18
Майрамынар куттуу болсун кутмандуу кыргыз элим, жердештер!!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан