30-апрель күнү борбор калаада "Бишкек шаарына 138 жыл" деген аталышта китеп көргөзмөсү орун алды. Мэриядан кабарлашкандай, иш-чара элди китеп окууга кызыктыруу, китепканаларга окурмандарды тартуу, жаштарды китепке туура мамиле кылууга чакыруу максатында уюштурулду. Анын алкагында "Менин сүйүктүү китебим" сынагы, "Китепти калыпка келтирүү", "Оригами" деген темаларда мастер-класс, ошондой эле оюндар өткөрүлдү.
Көргөзмөгө 400дөн ашык адам катышты (№2-музыкалык мектептин окуучулары, "Рабаят" куурчак театрынын окуучулары, студенттер).