Кыргыз-казак чек арасындагы “Каркыра-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү бекети 1-майдан тарта кайрадан иштей баштады. Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашкандай, аталган көзөмөл-өткөрүү жайы күндүзгү саат 08:00дөн кечки саат 18:00гө чейинки аралыкта иштейт.
Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан көзөмөл-өткөрүү бекети 2015-жылдын 31-октябрында убактылуу ишин токтоткон.