Бишкектин базарларынан курамында уулуу заты бар оюнчуктар табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкектеги Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун балдардын жана өспүрүмдөрдүн гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Мира Курманова билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган мекеме ушул жылдын 30-апрелинде "Ош базарындагы" "Берекет" соода борборунда жана "Дордойдогу" "Жунхай" базарында оюнчуктарды лабораториялык текшерүүгө алган. Жыйынтыгында Кытайдан чыгарылган крокодил, өрдөк сыяктуу желим оюнчуктардын курамында фенол заты нормадан ашыкча болуп чыкты.
“Норма боюнча фенол ар бир оюнчуктун боёгунда 0,05 мг/л болот, бирок крокодил, өрдөк желим оюнчуктарынын курамында 0,1-0,13 болуп чыкты. Демек, нормадан 2 эсе жогору. Бул уулуу элемент балдардын ден соолугуна, албетте, терс таасирин тийгизет. Биринчи кезекте жыты, сыясы колдоруна зыян алып келип, аллергия болушу мүмкүн. Мындан башка дем алуу органдарына таасир этип, приступ чакырышы ыктымал”, - дейт Мира Курманова.
Ошондой эле адис оюнчуктарды балдарга сатып берүүдө өтө кылдаттык менен тандоону эскертет. “Жарандардан сөзсүз түрдө оюнчукту жыттап, аны кармап көрүп, сатуучудан сертификат кагазын текшерип, анан гана сатып алууну өтүнөм. Жагымсыз жыты бар арзан оюнчуктардын курамында фенол же формальдегид уулуу заттары чыгып калуусу ыктымал”, - деп кошумчалайт ал.