Аксы. Жаңгак айылында Түштүк Кореянын долбоору аркылуу 126 миң сомдук суу насосу орнотулуп жатат, бул 45 гектар жерди сугат суу менен камсыз кылат

Аксынын Жаңгак айылынын эли Түштүк Корея өлкөсү менен кызматташат. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда SUPER.KG порталына "Жаңы айыл" долбоорунун жетекчиси Кубаныч Карабаев билдирди.

"Корея Республикасынын "Жаңы айыл" долбоору аркылуу 126 миң сомдук суу насосун орнотуп жатабыз. Жакында 45 гектар жерибиз сугат суу менен камсыз болот. Мындан сырткары 50 кожолук эл таза суу иче баштайт. Айылыбызда ички арыктар, алыштар цементтелип, таштандылар чыгарыла баштады. Мындай долбоорду айылдыктар колдоого алып, 70 миң сомдук кол күчүн жумшады", - деп билдирди К.Карабаев.

"Жаңгак айылында 200 кожолук эл жашайт. Айылда таза суу түтүгү 1975-жылы 5 чакырым аралыктагы Мундуз айылынан тартылып келинген. Учурда эскилиги жетип, суу түтүктөрү тешилип, айыл элин таза суу менен камсыздай албай калды. Жакынкы аралыкта таза суу долбоорун ишке ашырбаса, Жаңгак айылында суу жетишсиздиги коркунучу жаралат", - дейт айыл тургуну Убайдилла Тургунов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Millioner.
2016-05-02 15:52:25
Жаңгак деген айыл Аксынын каеринде?мен укпапмын
0
kalima88
2016-05-02 18:03:08
Millioner.,Кош -Дободо окшойт, Мундуздан суу тушконуно караганда.
0
Samat93939393
2016-05-02 16:00:29
Менда укпаган экенмин
0
Nur-Aman
2016-05-02 16:19:29
Аабдан жакшы экен. Супер инфо ушул насосту кантип орнотот, канча каражат кетет, билип берсездер жакшы болот эле. Мен 45гегтар эмес, 4,5гегтарга суу жеткизе албай кыйналабыз. Ушул насос жонундо кенири билип берсездер, эл менен чоогулуп биз дагы аракет кылат элек. Алдын ала рахмат...
+2
Nur-Aman
2016-05-02 22:25:18
Админ жооб болобу? Бар же жок деп койгула...
+1
admin_portal
2016-05-03 11:02:10
Nur-Aman, саламатсызбы!
Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди. Рахмат.
0
Sydy2004
2016-05-02 23:44:02
Салам алекум айылым ищ качан башталат кайсыл жерге чейин тартылып келет экен жооп кутобууз эгер бул иш толугу менен буторулуп колдонууга берилсе абдан чон жанылык болмок рахмат ....
0
Kimzo2929
2016-05-03 02:25:46
Кош добо айыл окмотундо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан