Орусия. Улуу Ата Мекендик согушта Ленинградды блокададан чыгаруу операциясында дзотко төшүн тоскон Акматша Түмөнбаевге эстелик тургузулду

29-апрелде Орусиянын Новгород облусунун Поддорск муниципалдык районундагы Поддорье айылында Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары, кыргыз жеринен согуш талаасына аттанган Акматша Түмөнбаевге жана украиналык Яков Пилипенкого тургузулган эстеликтин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинен кабарлашкандай, бул баатырлар 1944-жылдын 1-февралында Ленинградды блокададан чыгаруу операциясынын учурунда душмандын ок чыгарган очогун жок кылуу буйругун алышкан. Берилген тапшырманы аткаруу максатында аталган эки жоокер дзотко өз денелерин тосушкан дагы, башка жоокер жолдошторуна андан ары алга жылууга мүмкүнчүлүк беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ofiser26
2016-05-02 12:10:10
Сиздердин эрдигиниздерге туболук данк. Биз учун курман болгондорду эстебесек, анда адам катарынан чыгарып салгыла бизди.
+3
ruslankg
2016-05-02 22:27:31
Чыныгы баатырлар...
0
jibew
2016-05-03 15:51:04
кана эстелик?!
0
admin_portal
2016-05-03 18:37:50
jibew, саламатсызбы!
Биринчи сүрөттөгү кара түстөгү эстелик.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан