Мирбек Атабековдун акыркы эмгектеринин бири "Мөлмөлүм" ырына 2015-жылы клип тартылып, "Медиа-портал" бөлүмүнө жүктөлгөн. “Эң ыкчам убакытта жана ийгиликтүү тартылган эмгектеримдин бири болду”, - дейт клиптин режиссёру Александр Белов.
"Клипти тартуу иштери, монтаждоо 2 апта ичинде бүттү. Чыгармачылык топ менен аябай тез жана жеңил иштегенбиз, анткени съёмкага чейин Мирбек Атабеков бийди бийчилер менен жакшы даярдаптыр. Ал эми клиптеги сулуу кыз Рахат Божокоева жылмайган кадрларды тартууда бир аз кыйынчылык болгон. Клиптин техникалык жагын бааласа болот, анткени жарыкты туура пайдаланууга аракет кылдым. Мисалы, бийчилердин көлөкөсүн чыгаруу бир аз кыйыныраак болду. Чынында, ырды мага сунуштаганда аябай угуп, маанисин түшүнүү үчүн орусча которуп, анан идеяны жараттым", - дейт Александр Белов.
"Мөлмөлүм" ырынын клибин бул жактан көрүңүз.