Майлуу-Суу шаарындагы дарыя жээгинде нефть көп массада чыгып, аккан сууга кошулууда. Бул тууралуу Майлуу-Суу шаарынын тургуну Канат Балтабаев билдирди. Анын айтымында, дарыянын жээгиндеги таштардын түбүнөн булактар менен кошо мунай дагы чыгып, жылдан-жылга көбөйүүдө.
“Былтыр эле дарыянын жээгинде мынчалык таштар мунайдан кара өңгө боёлгон эмес. Быйыл нефть аябай көбөйүптүр. Албетте, азыркы тапта жер алдынан чыгып жаткан мунайдын зыяндуулугу малга, жергиликтүү тургундарга коркунуч алып келүүдө. Анткени бул суу менен жер-жемиштерди сугарабыз, дарыяга кичинекей балдар түшүшөт”, - дейт Канат Балтабаев.