Машыктыруучу: "Республикалык Спартакиадага катыша турган окуучулар тамак-аш жана жатакана акысын өздөрү төлөөгө аргасыз"

Нарында өтчү Республикалык Спартакиадага катыша турган окуучулар тамак-аш жана жатакана акысын өздөрү төлөөгө аргасыз. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош облусунун Кара-Суу районунан улуттук күрөш боюнча машыктыруучу Каныбек Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, уюштуруучулар тарабынан окуучуларды ары-бери ташууга жардам көрсөтүлөт. "Өкмөт бул маселеге көңүл бурса жакшы болмок. Айрым ата-энелер акча маселесинен улам балдарын Спартакиадага катыштырбоону туура көрүшүүдө, анткени жеңүүчүлөргө болгону диплом эле берилет", - деди машыктыруучу.

Айта кетсек, 4-7-май күндөрү Нарын шаарында мектеп окуучуларынын Республикалык Спартакиадасы өтөт. Мелдешке жети облус жана Бишкек, Ош шаарларынан 450 окуучунун катышары күтүлүүдө. Ал спорттун 6 түрү боюнча өткөрүлөт: шахмат, улуттук күрөш, эркин күрөш, грек-рим күрөшү, стол үстүндөгү теннис жана ордо. Учурда мелдеш өтчү жайды даярдоо иштери жүрүп жатат.

Аталган мелдеш Тарых жана маданият жылына, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата уюштурулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
abusait
2016-05-02 20:53:55
Нарындын уй булолору эле окуучуларды болуп алып 2 кун карап койсо болбойбу? Кийин алар да барат да ош жакка.
0
One
2016-05-03 12:16:51
Германия,Евросоюз болгон акчалар уже дайынсыз оксойт.Атамбаевдин бийлиги Кыргызстанды жок кылмай болушту го...Бир спартакиадага акча боло албагандан кийин бууну бийлик катары коруш деле за подло...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан