SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө “13 жаштагы Айчүрөктүн окуясын Орусиянын Биринчи каналынан көрсөттү” аттуу видео жүктөлдү.
13 жаштагы Айчүрөк аттуу кыргыз кызы жаш туруп ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген энеси менен инисин багууга аргасыз болуп жаткан маселени Орусиянын телеканалдарынын бири көтөрүп, аларга мүмкүн болушунча жардам көрсөтүүнү убадалашканын видеодон көрө аласыздар. Бул маселе кыргыз ММКларында да чагылдырылып, жардамга муктаж үй-бүлөгө мамлекет, коомчулук тарабынан бир аздан болсо да жардам көрсөтүлүп жатканын Айчүрөктүн апасы видеодо айтып, оор абалга туш болгондо жоголуп кеткен атасы кайрадан үй-бүлөсүнө кайтып келет деген ишенимде жашап келишкенин көрүүгө болот.