SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Элдин балдары". Бул сөздүн жашообузга тийгизген таасири" деген тема талкууланууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Жаш кезде бул сөздү апамдан көп уктум го, эртең менен уктап жатсаң "тур, элдин балдары малын айдап кетти, сен уктап жатасың, тур, элдин балдары талаага барып, иштерин бүтүрүп келе жатат, сен болсо жатасың" деген".
"Муну көпчүлүк ата-эне айтат. "Аны кара, муну кара" деп башкаларга салыштырган жакпайт мага. Мен келечекте балдарымды антип башкаларга салыштырып урушкум келбейт. Кайра элдин балдарынан жакшы экенин айтып стимул берип турмакмын".
"Эгер баланы кимдир бирөө менен "тигинин баласын кара, кандай гана акылдуу..." деп салыштыра берсе, анда бала алдыга жылбай эле, тескерисинче, чөгүп кетиши мүмкүн. Өзүнө болгон ишеним жоголуп, өзүн баалабоочулук пайда болот экен. Андан көрө бала кичине болсо да ийгиликке жетишкен болсо, үйүндөгүлөр "азаматсың" деп жакшы мактоо сөздөрүн айтып турушса, бала андан да жакшы болууга, дагы да жакшы сөз угууга аракет кыла баштайт".
"Элдин балдары" деген сөздү абдан жаман көрөм. Андай сөз адамга терс таасирин тийгизет".
"Апамдын ал сөзүнөн элдин балдарын жаман көрөт элем, "элдин балдары жөн эле жүрө бербейби" деп. Мына, убакыт өтүп, биз да элдин балдарына айландык. Бирөө менен салыштырып, анын жакшы жактарын айта берсе кимге жаксын?! Балким, өзүбүздүн да алардан өткөн жакшы жактарыбыз бардыр. Ошентсе да энелердин алтын сөзү бойдон кала берет".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.