МЕДИА-ПОРТАЛ: "Жолугарым билгенмин” ырына клип тартып жатканда, планда жок жерден пони кадрга кошулуп калган” дейт Токтобүбү Черикчиева

"Медиа-портал" бөлүмүндөгү көрүүчүлөрдүн алкыш сөздөрүнө татыган клиптердин бири - Токтобүбү Черикчиеванын “Жолугарым билгенмин” ырынын клиби. "Бул клиптеги идея алдын ала пландалбай эле, съёмка учурунда ырдын маанисине карата тартканбыз", - дейт Токтобүбү Черикчиева.

“Клип Ысык-Көлдө, Бишкектин сейил бактарында 2-3 жыл мурун тартылган. Клиптеги кичинекей бала менин курбумдун небереси. Эки жаштын ошол кичинекей баланы пониге (бою жапыз жылкылардын бир түрү) отургузуп баратышканы күтүүсүздөн келип чыккан кадр болгон. Съёмка учурунда сейил бакта пони жүргөн экен. Көрөр замат понинин ээсин таап, анын ижарасын төлөп, клипке тартып калганбыз”, - дейт ырчы.

"Жолугарым билгенмин” ырынын клибин бул жактан көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
dobrajelatel
2016-05-02 18:48:53
Бала кезимден суйуп уккан ыр. Керемет ыр саптар, жагымдуу музыкасы кайдыгер калтырбайт.
+2
altyn2015
2016-05-03 07:54:55
Токтобубу эженин ырлары абдан жагат. Бар болунуз. Ишинизге ийгилик.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан