21:00. Токтобек Асаналиевдин "Кылым жүзү" концерти кече ээсинин аткаруусундагы патриоттук ыр менен аяктады. Андан соң сахнага концертке катышкан музыканттар, актёрлор, бийчилер чыгышып, көрүүчүлөргө жүгүнүштү. Т.Асаналиев жамааттын атынан концертке келгендерге ыраазычылык билдирди.
20:45. Сахнага ырчы Нэна чыгып, Токтобек Асаналиев менен шаңдуу чыгарманы аткарды. Учурда Токтобек Асаналиев "Сүйүүмдү кайрып берчи" ырын сахналаштырылган көрүнүш менен тартуулоодо.
20:25. Токтобек Асаналиев "Пиалада кантың бар" чыгармасын сахнадагы бийчилер менен кошо
бийлеп ырдап жатты. Андан соң сахнага Гүлжигит Калыков чыгып, экөө "Сагындым, туулган жер, сени" ырын аткарышты. Учурда Гүлжигит Калыковдун "Сен дегенде" чыгармасы жаңырууда.
20:10. Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки элдин бейпил жашоосу, мектеп окуучулары, пионерлер, ыр майрам... Токтобек Асаналиев "Аппагым", "Айылдын кечтери" чыгармаларын чимирилген бийчилердин коштоосунда ырдап жатат.
19:55. Кыргыз элинин 1941-1945-жылдардагы согуш мезгилиндеги жашоосу, элдин кайгысы, Жеңиш күнүндөгү кубанычтары көрсөтүлүп, Токтобек Асаналиев согушка арналган "Эстелик" ырын ырдоодо.
19:48. 1930-жылдардагы өз эне тили - кыргыз тилин, элибиздин басып өткөн тарыхын, Манасыбызды унутпашыбыз керек деген кыргыз интеллигенция өкүлдөрүн Совет мезгилинде "эл душмандары" деп атап, атууга өкүм кылган көрүнүш көрсөтүлүп жатат. Элим-жерим деп күнөөсүз атууга кеткен кыргыз уулдарына арнап, улуу акын Алыкул Осмоновдун "Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт" ыры Токтобек Асаналиевдин аткаруусунда жаңырууда.
19:20. Улуу Октябрь революциясы, Совет бийлиги, ошол жылдардагы бай-манаптарды жазалоо, мүлкүн тартып алып кедей-кембагалдарга берген көрүнүш, 1940-жылга чейинки тынч жашоо, акындардын айтышы, эмгекчилердин майрамы чагылдырылууда.
18:55. "Кылым жүзү" концерти башталды. Жай ыргактагы комуз күүсүнүн коштоосунда сахна ачылып, сахналаштырылган көрүнүш элге тартууланып жатат. Анда 1916-жылдагы Улуу Үркүндөн бир көрүнүш көрсөтүлдү. Токтобек Асаналиев Үркүнгө арналган ыры менен сахнага чыкты.
18:50. Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Токтобек Асаналиевдин "Кылым жүзү" концерти башталганы жатат. Концерт Тарых жана маданият жылына карата Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосунда уюштурулууда. Филармониянын залы көрүүчүлөргө толуп, алардын катарында улуу муун да, орто жаштагылар да, жаштар да көп. Өзгөчө концерт болору айтылып, көрүүчүлөр концерттин башталышын күтүп жатышат.