Талас облусунда Улуу Ата Мекендик согуштун 43 ардагери жашайт. Бул тууралуу Талас облусуна болгон сапарынын жүрүшүндө КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө ай сайын бардык ардагерлерге президенттин стипендиясы жана министрликтин жөлөк пулу берилип жатат (17 миң сом). Ошондой эле 9-Май - Жеңиш күнүнө карата ардагерлерге, блокадниктерге, кезинде концлагерлерге көп убакытка туткунга алынгандарга, оорук ардагерлерине 10 миң сомдон 15 миң сомго чейинки суммада акча каражаты каралды.