SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Көпчүлүктүн назарында болуу жакшыбы, жаманбы?" деген тема талкууланууда.
Темада автордун "Кызмат абалы, коомдогу орду, көз карашы жана башка жагынан көпчүлүктүн назарында турган адамдар үчүн турмуштун оң, терс жактары тууралуу ким кандай пикирде?" деген суроосуна мындай жооптор жазылган:
"Элдин алды болсоң көз тиет, артында калсаң сөз тиет. Ортодо болсоң кадыр-баркың ким билет?"
"Көпчүлүктүн назарында болуунун жакшы жагы - турмушта активдүү жашоого, максаттуу, жоопкерчиликтүү, ар нерсеге дайыма даяр турууга үндөгөнү. Ал эми терс жагы - ар ким сенин таржымалыңа кызыга бергендиги, канчалык сени көп адам билсе, ошончолук көп сөз жүрөт, ушак сөздөр көп аралашат".
"Эл көзүндө жүргөн кишинин жеке жашоосу жок. Мындан бат эле тажашат. Өзүнө болгон баасы төмөн адамдар гана эл алдында өзүн көрсөткүсү келишет, эгер аларды унутуп, көчөдөн тааныбай калышса, жинди болуп кетишет. Ошондуктан кандай болсо да чыр чыгарып өзүн көргөзүүнүн жолун издейт".
"Төбөсү көрүнгөн адамдын түйшүгү башынан ашат. Өзүмдүн дүйнөмдө бактылуу болуп жашагым келет, жакын адамдарымдын арасында, тынч эле".
"Эл назарында болсоң кээде жумушуң бат бүтөт, бирок тооруган маньяк-саньяктар да жок эмес".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.