СУПЕРСТАН: "Уулумду төрөп жатканда толгоо келгенде ыйлап жерде жөрмөлөп жүрө бергем"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Төрөтканадагы кызыктар" деген тема талкууланууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Кечээ жеңем эгиз төрөдү. Мурда 4 кыз төрөгөн, мунусу экөө тең уул болуп аябай кыйналды. Креслодо жатат кыйкырып "кескиле, мен төрөй албайм" деп, агам кыжалат болуп кирсе, жеңем "пачагыңды" чыгарам сенин" деп кыйкырат. "Уулду оңой төрөйсүң" деп неге мени алдадыңар?" деп кыйкырат, анан акыры төрөдү".

"Бир адамдын ичинен бир жандын чыгышы оңой эмес да. Мен ичиме сактап, кыйкыра албай, жаткан жеримди муштум менен ургулай бергем. Же ордумдан тура албайм, байлап коюшкан. Бөлмөдө жалгызмын же түшө албайм, телефон чалып бирөөнү чакырайын десем. Акыры жарым саат калганда дарыгерлер кирип келишкен, сүйүнө түштүм, "бир аз жеңилдетет" деп укол сайышты. Толгоо келген сайын ыйын деп жатышып уул төрөгөм. Алым куруп, оозум кургап, "экинчи төрөбөйм" деп чыккам".

"Мен биринчи уулумда үч күн толготконмун, бирок кыйкырбай эле ыйлап жерде жөрмөлөп жүрө бергем. Үчүнчү күнү такыр айлам кетип "кесарево кылгылачы" деп сурансам "өзүң төрөйсүң" деп макул болбой коюшкан. Таңдын атышын ушунчалык күтөм, азанды күтөм, азан айтылса эле таң атат, таң атса эле төрөйм деп өзүмдү ишендирип алгам. Анан саат 5ке жакын төрөдүм".

"Байкуш аялдар ит жандуу эле болобуз. Жаныбыз кыйналып көл-шал болуп, үнүбүз Кудайга жетсе да, төрөгөндөн кийин дароо эле балдарыбызды эркелетип койгонубузчу".

Талкууга кошулгуңуз келсе бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
A3A
2016-05-03 18:24:38
Аман болунуздар аял заты!!!
+3
abusait
2016-05-03 18:24:40
Оииий , эркек болуп торолгонумо мин мин эсе шугур..))))
+4
aidai88
2016-05-03 19:01:43
abusait,Силер эркектер торобой эле койгула,бир аз жоон кыкы кылып коргуло не болот экенсинер?)))
+8
nakiw
2016-05-03 18:43:37
Мен да учунчу уулумда аябай кыйналдым.озум аябай арыык болгонго 4 жарым кг торош оной болбоду.азыр эстесем азыр деле ыйлагым келип кетет.палатага чыгаарым менен куйоомо чалып буркурап ыйлагам ал болсо мени молодесссин да сен деп эле алдап койду)))
+3
Jazi89
2016-05-03 20:35:59
Уулдуку эч нерсе эмес экен ,кыздын толгосу аябай ачуу болот экен
+3
Ais07
2016-05-03 21:20:09
Ар бир кош бойлуу аял эсен-аман коз жарып алсын, Аллахым.
+5
adiko11
2016-05-03 22:12:45
Аял болуш эне болуш ото кыйын экен мен да биринчи эле эгиз кыз торогом эки сутка толго тарткам жаман кыйналгам кесип салгыла десем конбой коюшкан ошондо жалгыз кудайдан тилеп жаткам келме кайталай Берген элем кудайга шугур озум тороп алдым азыр окуп калды коз тийбесин ошондо Эми торобойм деген элем,каякта дагы экоону тородум торош кыйын болгонун билсек да торой берет экенбиз да аял заты чыдамдуу келет аялдар бардык аялдарга таазим этем
+3
femidakg
2016-05-04 00:04:37
Мен да уулумду 4кг торогом 3 сутка толгоо таптып, куйоому киргизип коюшкан жаныма,мен кыйналып атсам ал телефонун чукулаап олтурат да анан мына сага деп колу талып тушкончо белими.Кыйналганымы унута элекмин дагы тороштон коркууп журом))
+2
Bahtigul1601
2016-05-04 02:21:05
1601 Тогуз ай которуп анан жан козуно корунуп толгоо тартып андан кийин тун укусунан кечип чонойткон энеге алла таалам дем берсин.Алкыш ар бир энеге.
+1
admin_portal
2016-05-04 11:41:51
bars_wire, сын-пикирди admin@super.kg дарегине жөнөтүңүз! 2 күн БАН!
0
admin_portal
2016-05-04 13:08:51
kaidiger, сайттын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. 5 күн БАН!
0
PATRIOT.KG84
2016-05-04 13:53:22
пачагынды чыгарам сенин деген жерин окуп алып жарым саат ыкшып кулдум жерге жата калып
+1
Kroxa
2016-05-04 17:34:12
Эркектер грипп болсо олоорун самап жатып калышат жалакай болушат..
+1
omka100514
2016-05-04 21:32:49
эхххх толгонун оорусун эстесем төрөгүм келбей кетет, бирок буйурса, Кудайым күч-кубат берсе бир айдан соң экинчи наристеми жарыкка алып келем ИншАллах
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан