"Медиа-портал" бөлүмүнө жомок сымал тартылган Айгерим Расул кызынын "Кызганамын" ырынын клиби жүктөлгөн. Бул клип 2008-жылы тартылса да, кызыктуу клиптердин катарын толуктап келүүдө.
"Бул клипте мен 16 жашта элем. Клиптин идеясын үй-бүлөбүз менен түзүп, башкы каармандын ролун тууганым ойногон. Ал бала менен кичине кезибизден бери чогуу ойноп өскөнбүз. Тартуу учурунда экөөбүз арзышкандарды аткара албай, бири-бирибизди карап күлө бергенбиз. Клип Бишкектин чет жагында тартылгандыктан, аябай үшүгөм. Мурдум сууктан улам кызара бергенде кайрадан боёнуп алып съёмканы улантканбыз".
"Кызганам" ырынын клибин бул жактан көрүңүз.