Нарын облусунун Ак-Талаа районунда кайнак сууга күйүп калган наристенин абалы жакшы. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда наристенин таенеси SUPER.KG порталына билдирди.
"Неберемди бешикке бөлөйүн деп жаткан болчумун. Бийик текчеде турган самоордогу кайнак сууну тартып жиберип, кырсык болуп кетти. Дароо ооруканага жеткирдик. Учурда неберемдин абалы жакшырып баратат. Бүгүн Нарын шаардык ооруканасына которгону жатышат", - деп билдирди наристенин таенеси.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 1-май күнү Ак-Талаа райондук аймактык ооруканасына денесинин 40 пайызы күйгөн 10 айлык наристе жеткирилген.