Кыргыз иллюзионисттери Индияда өнөр көрсөтүштү

Кыргыз иллюзионисттери Радислав Сафин менен Ольга Крамер Индиянын Нью-Дели шаарында өткөн иллюзионисттердин эл аралык конференциясына катышып келишти. Муну бүгүн, 3-майда алардын менеджери Каныкей Султанова билдирди.

Анын айтымында, аталган иш-чара 22-24-апрель күндөрү өтүп, ага дүйнөнүн мыкты 300 иллюзионисти катышкан. Шоу учурунда Радислав Сафин менен Ольга Крамер өздөрүнүн өзгөчө этникалык номерин тартуулашкан. Мында алар саналуу секундаларда Борбордук Азиянын 10 улуттук кийимин кийип жетишип, башка мамлекеттен келген көз боёмочуларды таң калтырышкан.

Белгилей кетсек, келерки жумада Радислав Сафин менен Ольга Крамер Болгариядагы "Таланттар шоусу" сынагынын жарым финалына катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
munduz2016
2016-05-04 07:52:21
Онорун болсо орго чап,молодцы ребята!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан