ЖЫЛНААМА, 4-МАЙ: Футболчу, Испания курамасынын жана "Челсинин" жарым коргоочусу Сеск Фабрегас жарыкка келген

Испаниялык футболчу Франсеск Фабрегас 1987-жылы 4-майда Испаниянын Ареньс-де-Мар аттуу жеринде туулган.

"Барселона" футболдук клубунда тарбияланган Фабрегас 16 жашында лондондук "Арсеналдын" курамына кошулган. Лондондук клубда такшалып, өсүп, жаңы деңгээлге чыккан футболчу 2011-жылы "Барселона" футболдук клубуна кайтып келген. Бирок командадагы жогорку атаандаштыктан улам ал 2014-жылы кайрадан Англияга кетүүгө мажбур болгон. Бул жолу ал "Челси" футболдук клубунун курамына кошулган.

Фабрегас "Челсинин" курамына кошулуп, карьерасында алгачкы жолу Англия Премьер-лигасынын чемпиондугун белгиледи. Мурун ал "Арсеналда" 7 жыл ойноп, бул ийгиликти багындыра алган эмес.

Сеск Фабрегас улуттук кураманын да көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири. Ал Испания курамасы менен 2 ирет Европа чемпиондугун (2008, 2012) жана 1 ирет Дүйнө чемпиондугун уткан (2010).

4-майдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bom.bon
2016-05-04 14:47:54
Атыны ката жазып алгансынарбы,же озу ушундайбы?
-1
Gupa
2016-05-04 17:22:59
bom.bon, ушундай)
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан