ЭЛДИК ВИДЕО: Аганы көрүп ини өсөт. Баары тарбиядан башталат

SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Аганы көрүп ини өсөт" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Zor_go).

Адамды айлана-чөйрө, коом тарбиялайт. Айрыкча өспүрүмдөргө туура багыт, тарбия берилсе, алардын мыкты инсан болуп чыгары күмөн жаратпайт. Кезектеги видеодон кичинекей мектеп окуучуларынын өз ара түшүнүшө албай, үчөө бирөөнү коркутуп жатканын көрүүгө болот. Аларды байкап калган жигит келип, элдештирүүгө аракет кылат. Өспүрүмдөрдүн "бул биздин өзүбүздүн ишибиз, сиз аралашпаңыз" дегенине "көчөдө бирөөнү коркутуу - күчтүү болуунун белгиси эмес" деген мааниде сөз айтат. Каталарын түшүнгөн өспүрүмдөр унчукпай калышат. Ошо менен эле токтолуп калбай аларды тарбиялоо үчүн болгон аракетин жумшайт. Видео билим алууга, спорт менен машыгууга, адептүү болууга үндөйт.

Видеону көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан