"Ак илбирс" киносыйлыгынын "Улуттук кинематографияга кошкон салымы үчүн" номинациясы быйыл КРнын Эл артисти, оператор Нуртай Борбиевге берилет. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.
Сыйлык тапшыруу аземи 15-майда борбор калаадагы "Манас" кинотеатрында өтөт.
Аталган номинация буга чейин 2012-жылы кинооператор, КРнын Эл артисти Кадыржан Кыдыралиевге, 2013-жылы кинорежиссёр, КРнын Эл артисти Болот Шамшиевге, 2014-жылы кинорежиссёр, КРнын Эл артисти Геннадий Базаровго жана 2015-жылы сүрөтчү, режиссёр-аниматор Сагын Ишеновго берилген.
Аталган сыйлыкка 2015-жылы тартылган ар түрдүү жанрдагы тасмалар ат салышат.
Мындан төрт жыл мурун негизделген сыйлык 14 номинация боюнча мыктыларды аныктап келсе, былтыртан баштап Борбордук Азияны толугу менен камтып, ага дагы эки номинация кошулган. Тасмалар толук жана кыска метраждуу, даректүү тасмалар болуп үч топко бөлүнүп, ар бир номинация боюнча бештен тасма бар.
“Ак илбирс” Улуттук киносыйлыгы быйыл бешинчи ирет уюштурулуп жатат. Ал кыргыз кино өнөрүнүн жетишкендиктерин даңазалап, киночуларды шыктандыруу максатын көздөйт.