Гүлзинат Суранчиеванын эки жаштын бактылуу күндөрү чагылдырылган "Эркелейм" клиби "Медиа-портал" бөлүмүнө жүктөлгөн. "Клипте атайын түгөйлөрдүн бактылуу күндөрүн гана бергем. Турмушта кездешүүчү эч кандай чырды чагылдыргым келген эмес", - дейт ырчы.
"Клипти Канат Култаев менен биргеликте ырдын маанисине карата түзгөнбүз. Каармандарды тандоо аябай кыйын болгондуктан, атайын сынактын негизинде тандап алгам. Негизи эле бардык клиптериме өтө кылдаттык менен даярданам. Бул клибим үчүн атайын ар бир образыма дал келчү 3 көйнөк сатып алып, жадакалса чач дагы коштургам. Клиптеги ырдаган жеримди кечки убакыттан таң аткыча Бишкектеги мейманканалардын биринде тартканбыз", - дейт ал.
"Эркелейм" ырынын клибин бул жактан көрүңүз.